23:00
USD 87.60
EUR 93.91
RUB 0.99

Улуттар лигасы. Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы коло медаль үчүн ойнойт

Бүгүн Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азиянын волейбол конфедерациясынын Улуттар лигасында (CAVA) үчүнчү орун үчүн ойнойт. Бул тууралуу социалдык тармактарда Волейбол федерациясы билдирди.

Тайпалык этапта Кыргызстандын курама командасы 8 упай топтоп, турнирдин финалына чыга алган жок.

Үчүнчү орун үчүн кыргызстандыктар Шри-Ланка командасы менен күч сынашат.

Финалда Түркмөнстан менен Пакистандын курама командалары беттешет.

Эске салсак, кыргызстандыктар Шри-Ланканы, Иранды жана Афганистанды жеңип, Түркмөнстан менен Пакистанга утулуп калышты.

Эң көп окулган жаңылыктар