23:38
USD 87.60
EUR 93.91
RUB 0.99

Улуттар лигасы. Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Пакистанга утулуп калды

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азия волейбол конфедерациясынын Улуттар лигасында (CAVA) Пакистандын командасына утулуп калды. Бул тууралуу социалдык тармактарда Кыргызстандын Волейбол федерациясы билдирди.

Беттеш 0:3 эсеби менен аяктады.

Эске салсак, кыргызстандыктар Шри-Ланка менен Иранды жеңип, Түркмөнстанга утулуп калышкан. Бүгүн Кыргызстандын командасы Ооганстандын курамасы менен ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар