16:10
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим «Ала-Арча» резиденциясында жолугушту

Президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Малайзиянын премьер-министри бүгүн расмий сапар менен Бишкекке келди.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астына Кыргызстандын жана Малайзиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килем төшөлдү. Өлкө лидерлери бири-бири менен салам алышкандан кийин Кыргызстан менен Малайзиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүп,  өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштырышты. 

Садыр Жапаров менен Анвар Ибрагим сүрөткө түшүп, кеңири форматтагы сүйлөшүү залына өтүштү.

Президент Малайзиянын премьер-министринин бүгүнкү сапары «эки өлкөнүн кызматташуу жана достук тарыхында жаркын из калтырат» деген ишенимин билдирди.

«Азыркы күнгө өлкөлөрүбүздүн ортосунда келишимдик-укуктук база түптөлдү (19 келишим), бирок учурдун талабына жана биздин кызматташууну мындан ары бекемдүүгө зарыл болгон жаңы келишимдер менен макулдашууларды иштеп чыгышыбыз керек деп ойлойм», — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, ушуга байланыштуу Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыкты ар тараптуу активдештирүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюу чоң мааниге ээ.

«Азыркы учурда биздин эки өлкөбүздүн соода-экономикалык кызматташтыгы баштапкы баскычында турат. Эгер биз күч-аракетибизди бириктирсек, келечекте жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ишеним артам», — деп белгиледи өлкө башчысы.

Өлкө лидерлери ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Эң көп окулган жаңылыктар