09:19
USD 86.20
EUR 91.64
RUB 0.89

Кыргызстанда селден 300дөн ашык үй жана 30га жакын социалдык объект жабыркаган

20-апрелден 12-майга чейин республикада 6 өзгөчө кырдаал жана 106 өзгөчө окуялар катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Раззаков шаарында, Лейлек, Талас, Ноокен, Сузак райондорунда, Ош облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

«Селдин кесепетинен бир адам каза болуп, 101 малды сел агызып кеткен, 333 турак үйдү суу каптап, 26 социалдык объект жана 157 чарбалык имарат жабыркады», — деди Бообек Ажикеев.

Эң көп окулган жаңылыктар