06:55
USD 86.50
EUR 90.34
RUB 0.85

Бишкек шаардык кеңеши 163 муниципалдык батирди МИКке өткөрүп берүүнү колдоду

Бишкек шаардык кеңеши 163 муниципалдык батирди мамлекеттин менчигине кайтарымсыз өткөрүп берүүнү колдоду. Чечим кезексиз сессияда кабыл алынды.

Вице-мэр Азамат Кадыров буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашыруу үчүн бирдиктүү мамлекеттик орган түзүлгөнүн белгиледи. Буга байланыштуу батирлер Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүлүп берилет.

Ал кылмыш иштеринин алкагында укук коргоо органдары тарабынан мамлекетке кайтарылган кыймылсыз мүлктөр тууралуу сөз болуп жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар