22:38
USD 87.60
EUR 93.91
RUB 0.99

Улуттар лигасы. Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Иранды утту

Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Ирандын командасын Борбор Азия волейбол конфедерациясынын Улуттар лигасында (CAVA) жеңди. Бул тууралуу социалдык тармактарда Волейбол федерациясы билдирди.

Беттеш 3:0 эсебинде аяктады.

Эске салсак, кыргызстандыктар Шри-Ланканы жеңип, андан кийин Түркмөнстанга утулуп калышкан. Бүгүн Кыргызстандын командасы Пакистан курамасына каршы ойнойт.

Эң көп окулган жаңылыктар