19:04
USD 87.30
EUR 93.76
RUB 1.03

Кыргызстанда 12 миңден ашуун үй-бүлө «Социалдык келишим» программасына катышкан

Эки жыл ичинде «Социалдык келишим» программасынын алкагында 12 миң 800 үй-бүлө 100 миң сомдон алган. Бул тууралуу социалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.

Ал белгилегендей, алардын ичинен 12 миң 777 үй-бүлө өз долбоорлору менен ийгиликтүү иштеп жатышат.

«Ал эми 23 үй-бүлө айрым себептерден улам ишке ашыра албай калышты, ошол эле Баткен облусундагы окуяларга же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири өтүп кеткендигине байланыштуу», — деди ал.

Эскерте кетсек, социалдык келишим долбоорунун алкагында жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилет. Бул акча чакан бизнес ачууга жана аны өнүктүрүүгө жумшалышы керек. Бирок жарандар аталган программага катышкандан кийин «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун үч жылга чейин ала алышпайт.

Эң көп окулган жаңылыктар