19:44
USD 87.45
EUR 103.14
RUB 1.15

Нарын дарыясынан 4 жаштагы кыз изделүүдө

Нарын дарыясынан 4 жаштагы кыз изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Г.Э. аттуу жаран кайрылып, эс алуу учурунда 4 жаштагы кызын Интернат аймагынан, Нарын дарыясынын жээгинен жоготуп алганын айкан.

Издөө иштерине жалпысынан 30 куткаруучу, 2 дрон, ИИМден 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар