Бишкекте кайрадан Сүймөнкул Чокморовго эстелик тургузулду. Сүрөттөрдү 24.kg агенттигине окурман жөнөттү.
Анын айтымында, 7-майда эстелик ак мата менен оролуп турган, ал эми бүгүн аны алып салышкан.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги редакцияга эстеликтин расмий ачылышы боло электигин билдирди.
Белгилей кетсек, 2017-жылы «Ала-Тоо» кинотеатрынын алдына Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулган. Ал скульптор Алмаз Кожегулов тарабынан жасалган. Калаа тургундары 3 миллион сом сарпталган айкел актерго окшошпой калгынын жазышкан. Мындан улам Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд жаңы айкел тургузуу чечимин кабыл алган.
2019-жылы эстелик алынып, коомдук фонд жарыялаган сынакта Азамат Абдрахманов жеңген.
СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. 1992-жылы дүйнөдөн кайткан.