Бишкекте жаштар жана кыздар арасында дзюдо боюнча «Хан Манас кубогу» аяктады. Бул тууралуу Кыргызстанды Дзюдо федерациясы маалымдады.
Жалпы командалык эсепте биринчи орунду жана башкы кубокту Кыргызстандын курамасы алды. Казакстандын спортчулары күмүш медалга ээ болушту, үчүнчү орунду Өзбекстандын командасы ээледи.
Эржан Канатбеков, Даут Полтушев, Эмирхан Жолдошказиев, Луиза Асакеева, Айша Кыялбекова, Алина Молдокулова, Айдеми Калыева, Акмаржан Турдажиева алтын медал алышты.
Экинчи орунду Нурсултан Шамшиев, Хантенир Жаныкулов, Илья Сухинин, Мырзайым Дүйшөнбекова ээледи.
Арнал Борбашев, Санжар Максатбеков, Нурмухаммед Бакирдинов, Данияр Мелисов, Нуралы уулу Айдар, Нуртилек Рыспеков, Буалима Абдибалиева, Арууке Калыкова, Индира Ералиева коло байгенин ээси болду.