Техникалык иштерге байланыштуу айрым көзөмөл-өткөрмө жайларында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү көзөмөл-өткөрмө пункттарынын иши убактылуу токтотулат:
- «Токмок» көзөмөл-өткөрмө пункту — саат 17.20 дан 18.00гө чейин;
- «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрмө пункту — саат 17.20дан 18.00гө чейин;
- «Кызыл-Кыя» көзөмөл-өткөрмө пункту — саат 18.00дөн 18.30га чейин.