15:52
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Улуттук банк апрель айында экинчи жолу валюта рыногунан доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы апрель айында экинчи жолу валюта рыногуна интервенция менен чыгып, доллар сатып алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.

Банк валюта рыногунан 19,2 миллион доллар сатып алды. Жалпысынан апрель айында Улуттук банк рыноктон 36,3 миллион доллар алган.

Белгилей кетсек, акыркы сутка ичинде долларды сатып алуу наркы 10 тыйынга — 89-89, 1 сомго чейин төмөндөдү. Сатуу курсу өзгөрүүсүз калды — 89,85-89,8 сом. Номиналдык курс — 89,1061 сом (0,02 пайызга төмөндөгөн).

Эң көп окулган жаңылыктар