18:05
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Жүк ташуучу унаалардын кыймылына киргизилген убактылуу чектөөлөр өзгөртүлдү

Мэр Айбек Жунушалиев жүк ташуучу унаалардын айдоочулары, ошондой эле оор жана ири өлчөмдөгү автотранспортторду иштеткен курулуш компаниялардын, бизнес-ассоциациялардын, жеке жана юридикалык жактардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал аталган чектөөлөр жол катмарынын бузулушунун алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында киргизилгенин түшүндүрдү.

Жүк ташуучу унаалардын ээлеринин кыймылга убактылуу чектөө киргизүү боюнча өтүнүчтөрү да эске алынды.

Жыйынтыгында мэриянын 29-мартындагы тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынды. Буйрукка ылайык, муниципалдык жолдордо абанын күндүзгү температурасы 28 градус болгон учурда максималдуу жалпы салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин киргизилет.

Убактылуу чектөө механизми төмөнкү жүк ташуучу унааларга тиешелүү эмес:

  • гуманитардык жардам жана азык-түлүк, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыгандарга;
  • Бишкек шаарынын аймагында транспорт жана жол тармагы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген атайын уруксаттын негизинде ири өлчөмдөгү жана атайын жүктөрдү ташыгандарга;
  • автомобиль жолдорун оңдоого, курууга, мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү чечүүгө арналган объектилерди куруу боюнча иштерди аткаруу үчүн жүктөрдү ташыгандарга.

Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментине үч күндүк мөөнөттө Бишкек шаарынын муниципалдык автомобиль жолдорун жүк ташуучу автоунаалардын таасиринен сактоону камсыздоо механизмдерин жакшыртуу боюнча жумушчу топ түзүү жана бир айлык мөөнөттө мэрияга белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылды.

Департаментке мэриянын 29-мартындагы буйругунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча шаардын ичинде жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети жүктөлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыгып, жолдордун жүк көтөрүмдүүлүгүн жогорулатууну, күндүз Бишкекке кирүүгө тыюу салууну жокко чыгарууну талап кылышкан.

Транспорт министрлиги бүгүнкү күндө КМШ мамлекеттеринин унаа жолдору боюнча мамлекеттер аралык ташууларды жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын массасы жана габариттери жөнүндө Минск макулдашуусуна ылайык кабыл алынган өкмөттүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтомунун талаптары актуалдуу деп жооп берди. Ага ылайык, жолдордо 10,5 тоннага чейин жүк менен жүрүүгө уруксат берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар