01:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн саат 14.30да Сосновка постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө кайрадан чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Чектөө жасалма тыгындарды болтурбоо үчүн аба ырайы жакшырганга чейин уланат. Жолчулар трассанын зарыл болгон жерлерин кардан тазалап, интерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

«Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат», — деп билдирди мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар