Кыргызстандын курама командасы Таиландда өтүүчү Азия кубогунун финалдык баскычына даярдык көрүүнүн алкагында Казакстандын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын футзал ассоциациясынан билдиришти.
Таразда Кыргызстандын курама командасы 2:3 эсебинде утулуп калды.
Буга чейин кыргызстандык спортчулар Ташкентте эки жолдоштук беттеш өткөргөн.
Азия кубогу — 2024 17-28-апрелде Бангкок (Таиланд) шаарында өтөт.