4-5-апрелде Ереванда (Армения) самбо боюнча Дүйнө кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.
Турнир квалификациялык болуп саналат, анда биринчи рейтингдик упайларды топтоого болот. Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгы боюнча 12 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.
Мираида Медетбек кызы 65 килограммга чейинки салмак ченинде үчүнчү орунду ээледи.
Мелдештин онлайн-трансляциясы Sambo.Live видеопорталда өтөт.