08:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттун 1-апрелдеги токтому менен УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды. Ахрор Иминовдун абактагы мөөнөтү 4-июнга чейин узартылды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Ахрор Иминов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелүүдө. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ноябрдын ортосунда ал тергөө абагынан эч жакка чыкпоо жөнүндө тил каты менен бошотулуп, бирок кайра кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар