18:43
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Дүйнөлүк банк ландшафттарды калыбына келтирүүгө 52,4 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк жана Финансы министрлиги жалпы суммасы 52,4 миллион долларды түзгөн «Кыргыз Республикасында ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин атынан макулдашууга финансы министри Алмаз Бакетаев, ал эми Дүйнөлүк банкы тарабынан Борбордук Азия боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова кол коюшту.

«Долбоор селдердин жана мөңгүлөрдүн жашоо каражаттарына жана жердин азайышына кыска жана узак мөөнөттүү таасирин азайтуу максатында натыйжалуу жана туруктуу мониторинг жүргүзүүгө багытталат», — деп айтылат маалыматта.

Долбоор климаттын өзгөрүшүнүн табигый кырсыктарга тийгизген таасирин азайтууга, селден жана суу ташкындарынан экономикалык жоготууларды кыскартууга жана аялуу жамааттардын туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле 9 миң 500дөн ашык короо-жайлар, 2 миң 754 кожолук, 7 миң 828 гектар айыл чарба жерлери жана көптөгөн социалдык объекттерди коргоого мүмкүндүк берет.

Эң көп окулган жаңылыктар