16:57
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет

Жол коопсуздугун камсыздоо, жолдун сапатын сактоо жана эксплуатациялоо мөөнөтүн узартуу максатында Бишкектин ичинде оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитет аба ырайынын ысышы менен оор жүк ташуучу унаалар асфальттын сапатын бузарын жана шаардыктар тарабынан да оор жүк ташыган унааларга түнкүсүн гана жүрүүгө уруксат берүү талабы дайыма айтылып келгенин белгиледи.

 Чектөө 5-апрелден 1-октябрга чейин киргизилет. Саат 7:00дөн 21:00гө чейин 18 тоннадан ашык жүк ташууга уруксат берилген жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салынат.

Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар үчүн колдонулбайт:

  • гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташыгандарга;
  • Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылгандарга;
  • Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык тапшырыктын негизинде жүк ташып бара жаткандарга.

5-апрелге чейин мэриянын тийиштүү кызматтары оор жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдо жүрүүсүнө тыюу салган жол белгилерди орнотуп чыгышат.

Белгиленген талаптарды бузган учурда Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Эң көп окулган жаңылыктар