12:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчусу Алимардон Шүкүров башка клубга өттү

Алимардон Шүкүров Беларустун «Торпедо-БелАЗ» клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу клубдун Instagram баракчасында маалымдалды.

Кыргызстандык футболчу буга чейин Гродно шаарынын «Неман» клубунда ойноп, 2021-жылдан бери анын курамында 90 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.

Ал чабуулчу жана жарым коргоочу позициясында ойнойт.

Алимардон Шүкүров улуттук команданын курамында Катарда өткөн Азия Кубогуна даярдыктарга катышкан. БАЭ менен болгон жолдоштук беттеште жаракат алып, Азия Кубогуна катышпай калган.

Эң көп окулган жаңылыктар