11:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эмгек министрлиги Орусияда терактка катышууга азгыруу жүрүп жатканын эскертти

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышууга азгыруу жүрүп жатканын эскертти. Бул жөнүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Жалдоочулар негизинен таанышуу сайттары аркылуу иштешип, аялуу адамдарга, депрессияга кабылган же кандайдыр бир кыйынчылыкка кабылган адамдарга, диний, маданий, улуттук жана башка социалдык багыттар боюнча ар кандай топтордогу кат алышууларды талдоо аркылуу жабырлануучуларды аныктоодо», — деп белгиледи мекеме.

Өкүлчүлүк Россиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды ар кандай чагымдарга алдырбоого, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоого, ар кандай акцияларга катышпоого, ошондой эле балдарды көзөмөлдөөгө чакырды.

Министрлик террордук актыга катышкандар Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерттти.

Эң көп окулган жаңылыктар