11:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын айрым жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 28-29-мартта күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү таштандылардан тазалоого чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар