15:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош базарынын жанында жайгашкан соода борборунан өрт чыкты

Ош базарынын жанында жайгашкан соода борборунан өрт чыкты. Бул жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме белгилегендей, Ленин районунун Чүй көчөсүндө жайгашкан соода борборунан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 10:00дө чектөөгө алынып, 10:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Эң көп окулган жаңылыктар