18:55
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы майрамдык иш-чараларды уюштурат

21-март- Нооруз майрамына карата Бишкек шаарынын мэриясы майрамдык иш-чараларды уюштурат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Нооруз күнү саат 10:00дө Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте Маданият министрлигинин алдында кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурат. Ошондой эле, этникалык коомдук бирикмелердин көркөм чыгармачыл жамааты концерт тартуулашат.

Саат 11:30дан 13:30га чейин «Ала-Тоо» аянтында майрамдык концерт болот. Борбор калаанын төрт районунда дагы майрамдык иш-чаралар өтүп, спорттук мелдештер менен коштолот.

Эң көп окулган жаңылыктар