14:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Владимир Путин президенттик шайлоодо 87,32 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Протоколдордун 99,43 пайызы саналгандан кийин Владимир Путин президенттик шайлоодо 87,32 пайыз добушка ээ болуп, жеңишке жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын БШКсына шилтеме берип билдирди.

КПРФ партиясынан талапкер болгон Николай Харитонов 4,32 пайыз добушка ээ болду. Андан кийинки орунга Владислав Даванков 3,79 пайыз добуш менен жайгашты, ЛДПР партиясынан чыккан Леонид Слуцкий 3,19 пайыз добуш алды.

Белгилей кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейин өткөрүлдү.

Кыргызстанда Орусиянын жарандары үчүн төрт шайлоо участогу ачылды: Бишкек, Ош, Кант жана Каракол шаарларында.

2018-жылы президенттик шайлоодо Владимир Путин 76,69 пайыз добуш менен жеңишке жеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар