15:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Орусиядагы президенттик шайлоо: Кыргызстанда төрт шайлоо участогу ачылат

Россия Федерациясындагы президенттик шайлоо учурунда Кыргызстандын аймагында төрт шайлоо участогу ачылат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги элчилигинен билдиришти.

«Кыргызстандын аймагында Россия Федерациясынын президентин шайлоо 2024-жылдын 17-мартында жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дөн 20.00гө чейин өткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда жүргөн Орусиянын жарандары Бишкектеги элчиликте, Оштогу Башкы консулдукта, россиялык аскердик авиабаза жайгашкан Кант шаарында (Чүй облусу) жана Каракол шаарында (Ысык-Көл облусу) добуш бере алышат.

«Шайлоого жогоруда аталган шайлоо участкаларынын биринде Орусиянын жарактуу чет өлкөлүк же ички паспортун көрсөткөн 18 жаштан жогорку жарандар катыша алат. Чет өлкөдөн онлайн режимде добуш берүүгө болбойт», — деп белгиледи мекеме.

Кыргызстанда жүргөн орус жарандарынын так саны белгисиз, анткени өлкөгө келгендердин консулдук каттоого турушу шарт эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар