13:27
USD 69.85
EUR 78.48
RUB 1.03

Владимир Путин Донбасстагы кырдаалды Чеченстандагы согушка салыштырды

Орусия президенти Владимир Путин Донбасстагы кырдаалды Чеченстандагы согушка салыштырды. Ал Украинанын чыгышындагы жаңжалды жайгаруу үчүн Киевге жикчилдердин аймагына өзгөчө макам ыйгаруу кеңешин берди.

Владимир Путиндин айтымында, убагында Москва Чечен республикасына дал ушундай мамиле жасаган. Ал аннексияланган Крымды Украинага кайтаруу мүмкүн эмес экенин да кошумчалады.

Президент 2014-жылы Донбасста «Боингдин» кыйрашы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгын да комментарийлеп, учак орусиялык «Бук» ракеталык системасы тарабынан атып түшүрүлгөн деген бүтүмдү четке какты.

Эң көп окулган жаңылыктар