13:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2024-жылдын эки айында 26 миңден ашуун бала «балага сүйүнчү» төлөмүн алышты

2024-жылдын эки айында «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 26 миң 377 бала алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал үчүн 105,6 миллион сом сарпталган.

Министрликтен билдиришкендей, ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 миң сомду түзөт. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.

Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Акча каражаты арыз берилгенден кийин эки иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт.

Жаран акча каражатын «РСК» жана «Айыл банктын» каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуу керек.

Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар