13:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Германия ӨКМге жабдууларды жана куткаруучу шаймандарды берди

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Германия эл аралык кызматташтык коомунун климат, суу, энергетика боюнча кластердик координатору Торцтен Брецина менен жолугушту. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Германиялык эл аралык кызматташтык коому (GIZ) ӨКМге компьютерлерди, ноутбуктарды, дрондорду, куткаруучу шаймандарды жана башка жабдууларды берди.

Долбоор Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлигинин климат жана коопсуздук боюнча «Жашыл Борбор Азия» аймактык демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты — транс чек аралык климаттык тобокелдиктерди жана Борбордук Азиядагы табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкарууну жакшыртуу болуп саналат.

Ал долбоордун алкагында тандалып алынган негизги суу объектилеринин гидрологиялык режимине комплекстүү байкоо жүргүзүүнүн негизинде кырсык тобокелдиктери жөнүндө алдын ала кабарлоонун аймактык системасын түзүүгө багытталган.

Эң көп окулган жаңылыктар