10:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сот Абдурахманхажи Муртазалиевди парламенттин депутаты деп тааныды

Бишкектин административдик соту 2022-жылдын февраль айында Свердлов шайлоо округунан шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртузалиевди Жогорку Кеңештин депутаты катары таануу тууралуу чечим чыгарды. Документ социалдык тармактарга жарыяланган.

Белгилей кетсек, анын ордуна Шайлообек Атазов мандат алган.

Сот ишти 2-мартта карап, Борбордук шайлоо комиссиясынын 22-февралда чыгарган чечимин жокко чыгарды, анда БШК Муртазалиевдин депутат Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, аны Жогорку Кеңештин шайланган депутаты катары таануу тууралуу арызын канааттандырган эмес.

Административдик сот ошондой эле БШКны 2023-жылдын 9-мартындагы Абдурахманхажи Муртазалиевди Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин жокко чыгарууга жана аны парламенттин шайланган депутаты деп таанууга милдеттендирди.

Бишкек шаардык сотунун жана БШКнын басма сөз кызматы социалык тармактарда жарыяланган административдик соттун чечимине комментарий бере элек.

2022-жылдын февралында Свердлов округу боюнча шайлоодо Абдурахманхажи Муртазалиев эң көп добушка ээ болгон. Бирок Жогорку сот административдик соттун жана БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечимин күчүндө калтырган. Свердлов округунан Шайлообек Атазов депутат болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар