16:11
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

4-5-мартта Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

4-марттан 5-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алар:

  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымы;
  • Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305 чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси),
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу) .

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар