11:45
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ар бир бешинчи кыргызстандык Эмгек министрлиги аркылуу кызмат алат

Ар бир бешинчи кыргызстандык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аркылуу кызмат алат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Гүлнара Баатырова мекеменин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясында белгилегендей, кызмат көрсөтүүлөрдү алган жарандардын жалпы саны 1 миллион 490 миңден ашуун адамды же республиканын калкынын 21 пайызга жакынын түзөт.

«Анын ичинде 607,4 миң адам жөлөк пул жана компенсация алышты. Жөлөкпулдарды жана компенсацияларды кошкондо 607,4 миң адам жөлөк пул алган. Иш менен камсыз кылуу жана ишке орноштуруу боюнча активдүү чаралардын аркасында «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 16,5 пайызга кыскарган. «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун орточо өлчөмү 1 миң 359,4 сомду түздү. Ошол эле учурда бул жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн 91,3 пайызы электр энергиясы үчүн жеңилдетилген тариф менен төлөшөт», — деди ал.

Ошондйо эле өткөн жылы «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пул алуучулардын саны 12,6 пайызга өскөн. Бул жөлөкпул бардык жаңы төрөлгөн ымыркайларга 4 миң сомдон төлөнөт, үч жана андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт.

Жалпысынан мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттен 14 миллиард 72 миллион сом каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар