18:40
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казарман — Акталчат жолунун бир бөлүгү жабылды

Бүгүн аба ырайына байланыштуу Казарман — Акталчат унаа жолунун 44-99-чакырым аралыктары жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик айдоочулар бул тилкени түндүк-түштүк альтернативдик жолу аркылуу айланып өтө алышарын белгиледи.

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кар күрткүсү байкалып, жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүп жатат, жол ачык.

Өтмөк ашуусунун айрым жерлеринде кар күрткүлөрү пайда болуп, учурда № 36 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери кум-туз аралашмасын чачууда.

Чоң-Ашуу ашууга түшкөн кар көчкү тазалангандан кийин жолдун бир тилкеси ачылды. Кардан тазалоо, жолду кеңейтүү жана тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Боз — Учук, Шахта — Жыргалаң автожолдорун кеңейтүү боюнча иштер улантылууда.

Ушундай эле иштер Долон, Кызыл-Бел, Көк-Бел, Төө-Ашуу, Чыйырчык, Чапчыма жана башка ашууларда жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидромеддин маалыматына караганда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаап, туман болот. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак.

Транспорт министрлиги тоолуу райондордон жана ашуулардан өткөн автоунаа айдоочуларды күрөктөр менен кар чынжырларын алып жүрүүгө, жол эрежелерин так сактоого, тактап айтканда, каршы тилкеге чыкпоого жана кар тазалоочу техниканын ишине кийлигишпөөгө чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар