06:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бүгүн Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо ачылат

Бүгүн Улуу Британияга сезондук айыл чарба жумуштарына онлайн каттоо ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Каттоо саат 14:00дө migrant.kg сайтында ачылат жана өтүнмөлөрдүн керектүү саны толгондо автоматтык түрдө жабылат.

Ийгиликтүү катталуу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөлүк) паспорту жана электрондук почтага кирүү мүмкүндүгү болушу керек. Талапкерлердин критерийлери: 18 жаштан 45 жашка чейинки курак, орус тилин билүү, ошондой эле ден соолугу чың жана психологиялык абалы канааттандырарлык болушу керек.

Каттоо Британиянын өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген «PRO FORCE» оператору тарабынан жүргүзүлөт жана ал өтүнмөлөрдүн керектүү санын аныктайт.

Каттоодон өткөн жарандар үчүн маектешүү 26 жана 27-февралда Бишкекте өтөт.

Эмгек акысы саатына 10,42 фунт стерлинг. Иштөө сааты аба ырайы, түшүмдүүлүк жана башка факторлорго көз каранды. Жумуш берүүчү жумасына минималдуу 32 саат иш менен камсыз кылууга кепилдик берет.

Визанын баасы 298 фунт стерлинг, ал эми авиабилеттин баасы учурдагы курска жана сатып алуу убактысына жараша болот.

Улуу Британияга жумушка орноштурууга көмөктөшүү толугу менен акысыз жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар