16:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 18-20-февралда тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

  • Бишкек — Ош автоунаа жолунун 121-138 -чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда , 198-260-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунун Чычкан капчыгайында;
  • Суусамыр — Талас — Тараз жолунун 1-14-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная Горка —Ак-Таш жолунун 0-3 —чакырымында;
  • Мырза-Аке — Кара-Кулжа —Алайкуу жолунун 55-115-чакырымында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымындагы Долон ашуусунда, 353-357-чакырымынын Кызыл-Бел ашуусунда;
  • Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымындагы Кара-Коо ашуусу, Ийри-Суу тилкесинде;
  • Арал — Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымында;
  • Каракол — Эңилчек жолунун 45-50, 74-90 чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу);
  • Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу), Түп — Кеген жолунун 51-76-чакырымында;
  • Сары-Таш — Дароот-Коргон — Карамык автоунаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымында;
  • Ош — Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 165-177-чакырымындагы Талдык ашуусу жана Сары-Таш — Эркештам автоунаа жолунун 218-224-чакырымдарында Тоң-Мурун ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар жерлерде унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар