17:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалпы республикалык классификаторго 385 кесип киргизилет

Жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторуна 385 кесип киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев «Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун мейкиндиктери» форумунда билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда заманбап эмгек рыногунун талаптарына багытталган 52 кесиптик стандарт бекитилген. Ошол эле учурда министрлик тарабынан жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын жалпы республикалык классификаторуна дагы 385 кесипти киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Ошону менен бирге министрлик 100 окуу жай менен келишим түзгөн, алар 71 кесиптик лицей, 8 колледж, 17 жеке билим берүү борбору, 3 жогорку окуу жайы 127 кесип боюнча билим берет. Бул чаралардын аркасында өткөн жылы 9 миңге жакын жумушсуз адам эмгек рыногунда талап кылынган — ширетүүчү, чач тарач, ПК оператору, бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, менеджер, электрик, айдоочу жана башка кесиптерге окутулуп, 62 пайызы иш менен камсыз болду. Учурда тогуз кесипке багыт берүү борбору ачылып, министрликтин бардык аймактарында кесипке багыт берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алардын милдети мектеп окуучуларына кесип тандоодо жардам берүү», — деди ал.

Форумга мамлекеттик органдардын, соода-өнөр жай палатасынын, көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун, окуу жайлардын, жумуш берүүчүлөрдүн тармактык ассоциацияларынын жетекчилери жана кызматкерлери чогулду.Катышуучулар жаңы жумуш орундарын түзүүнү, эмгек ресурстарына керектөөлөрдү, Кыргызстандын эмгек рыногунда иш менен камсыз кылуу саясатын, квалификациялардын улуттук системасын, кесиптик стандарттарды өнүктүрүүнү, сертификациялоо, валидациялоо маселелерин, аларды өнүктүрүү жолдорун жана пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашты.

Эң көп окулган жаңылыктар