12:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөрдө 207 бала тарбияланат

Фостердик үй-бүлөлөрдө 207 бала тарбияланат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева белгилегендей, өлкөдө ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан үй-бүлөлүк тарбиялоонун альтернативдүү формаларынын бири - фостердик үй-бүлөлөр.

«Аталган институт балдардын интернаттарга түшүүсүн алдын алууга көмөктөшөт, ал 2014-жылдан бери ишке ашырылып келет. Бүгүнкү күндө 207 бала 106 фостердик үй-бүлөгө жайгаштырылып, алардын ар бири министрликтин аймактык бөлүмү менен келишим түзгөн», — деди ал.

Жаңыл Алыбаева өткөн жылы кароосуз калган эмгек мигранттарынын балдарын жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо максатында дээрлик 326 миң үймө-үй кыдыруу жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Кыдыруулардын жыйынтыгында мигранттардын 88 миң баласы аныкталып, ата-энелер менен балдарды камкордукка алуу зарылдыгы тууралуу иштер жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен камкорчулукка 1,2 миң бала аныкталып, 57 бала фостердик үй-бүлөлөргө, 53 бала интернаттык мекемелерге жөнөтүлгөн. Учурда 137 интернатта 9,9 миң бала жашайт. Алардын 5 пайызы гана ата-энеси жок, калгандарынын ата-энелери бар», — деди министрдин орун басары.

Эң көп окулган жаңылыктар