23:44
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз иштөөгө жиберген компания аныкталды

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды мыйзамсыз Словакия Республикасына ишке жөнөткөн компанияны аныктады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордун кызматкерлери УКМК менен биргеликте жарандарды тиешелүү уруксат кагазы жок жумушка орноштурган жеке агенттиктин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүштү.

«Мониторингдин жүрүшүндө жетекчилери Словакия жана Казакстандын жарандары болгон чет өлкөлүк «Monto Corporation» компаниясы Словакия Республикасына автобус айдоочуларынын бош кызмат ордуна Кыргыздын жарандарынын ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталган. Ошол эле учурда чет өлкөлүк компания Кыргызстандын аймагында чарба жүргүзүүчү субъект катары катталган эмес жана жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты жок. Ошондой эле кызматкерлер үчүн социалдык коргоо жана эмгек коопсуздугунун кепилдиктерин камсыз кылган эмес жана муну менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган", - айтылат маалыматта.

Мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо максатында аталган уюм менен чет өлкөгө жумушка тартуунун тартиби жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мыйзам бузуу фактысы боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чакырылып, анын жыйынтыгы менен компаниянын ишине бөгөт коюу жана аны жоопкерчиликке тартуу боюнча чараларды көрүү үчүн протокол түзүлгөн.

Мекеме чет өлкөдө иштөөнү каалаган жарандарды кыраакы болууга жана абийирсиз агенттиктердин алдамчы сунуштарынан сак болууга чакырат. Жеке агенттикке кайрылуунун алдында анын жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүгө уруксат кагазы бар-жоктугун текшерип, ошондой эле бош орун, эмгек келишимди жана жашоо шарттары, кызматкердин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндө толук жана ишенимдүү маалыматты, ошондой эле конфликттик кырдаалда алардын укуктарын жана таламдарын коргоо ыкмалары жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алуу керек. Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

Эмгек миграция маселелери боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуна төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237, телефон: 0312650262. Ош шаары, Ленин көчөсү, 221, телефон: 0322256632.

Эң көп окулган жаңылыктар