02:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Оптималдаштыруудан кийин бала бакчаларда 120 миңден ашык кошумча орун түзүлөт

2021-2023-жылдары бала бакчалардын жалпы саны 186га көбөйүп, 1 миң 834кө жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги биллдирди.

Ошол эле учурда типтүү бала бакчаларга балдарды тартуу 199 миңден 220 миңге жетти, же муктаждыктын 26,4 пайызын түздү.

Учурда 40 пайыз балдарды бала бакчага тартуу максаты коюлуп, ал үчүн:

  • өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында Дүйнөлүк банк менен биргеликте 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат — мында 40 миң ашуун балага бакчага барууга шарт түзүлөт;
  • «Өкмөттүк акселераторлор» программасынаймактарга жайылтуу менен үй шартында жеке ишкерлерге 25 балага чейин бала тарбиялоого уруксат берилди. Мында орточо эсеп менен 500 ишкер иш алып барса, 12 миң 500 балага чейин камсыздоого мүмкүн болот;
  • 3 жылдын ичинде бала бакчалардын 4 миң 909 уктоочу бөлмөлөрүн окуу жайларына оптималдаштыруу менен 122 миң 725 балага кошумча орун түзүлөт;
  • Балдарды өнүктүрүү борборлорунун жаңы моделин ар бир мекеме, уюмдарга жайылтылат;
  • каржылоонун жаңы моделин ишке киргизүү менен жеке менчик балдар бакчаларынын ачылышына шарт түзүлөт.

«Ал эми бүгүнкү күнү бала бакчаларды ачууга, капиталдык оӊдоого/реконструкциялоого, негизги каражаттарды сатып алууга мамлекеттин колдоосу менен мамлекеттик банктар тараптан 36 айдан 60 айга чейинки мөөнөткө жеӊилдетилген насыя берүү каралган. Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымын курулган бала бакчага ыйгарууга мүмкүнчүлүк берилди. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруп, аны бала бакча катары иштете тургандарга мамлекет жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүгө даяр», — деп белгиледи министрлик.

Эң көп окулган жаңылыктар