21:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда калктын 52 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам көз жумат

Кыргызстанда калктын 52 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумса, жарымы инсульттан улам каза болот. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева билдирди.

Анын айтымында, инсульттун алдын алуу боюнча көптөгөн иш-чаралар жүрүп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги мээнин кан айлануусу кескин бузулган бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу картасын иштеп чыккан.

«Бул ооруларды эрте аныктоо үчүн «УДАР» (у — улыбка, д — движение, а — афазия (сүйлөөнүн бузулушу), р — решение) сыяктуу тесттер иштелип чыккан, анын жардамы менен инсульттун белгилерин аныктоого болот», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, инсульт ар бир үй-бүлөдө болушу мүмкүн, ошондуктан аны баары аныктай алышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар