05:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири аскерлерди сабоого шектелүүдө

Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүнүн үч командири аскерлерди уруп-сабоого шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүү иштерин жүргүзүүдө Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары тарабынан аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөтүү фактылары аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголду.

Анын алкагында аскер бөлүгүнүн үч жетекчиси камакка алынды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар