18:42
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Алай районунда дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды

Ош облусунун Алай районунда дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

«2023-жылдын 19-декабрында Жаңы-Алай айылынын 1985-жылы туулган А.И. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы жана айылды аралап өткөн каналга түшүп кетүүсү мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн», — деп билдирди ӨКМ.

ӨКМ
Фото ӨКМ

Издөө иштерине 4 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар дайынсыз болгон жарандын сөөгүн табышты.

Эң көп окулган жаңылыктар