09:22
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Улан Уезбаев кызматтан алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-январда Улан Уезбаевге карата Бишкек шаардык сотунун чечиминин көчүрмөсү келип түшкөн. Мэр Айбек Жунушалиев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

«Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Улан Уезбаев жогоруда айтылган департаменттин директору болуп 2023-жылдын ноябрында дайындалганын, дайындоо учурунда Биринчи май райондук соту тарабынан Уалн Уезбаев жеке айыптоо кылмыш иши боюнча күнөөлүү эмес деп табылганын билдирет», — деп белгиледи мекеме.

Эскерте кетсек, Улан Уезбаев 2021-жылдын 7-декабрында кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал транспорт жана коммуникация министринин орун басарынын милдетин аткарып турганда 45 миң доллар пара алган. Кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган. 2023-жылы июлда Биринчи Май соту аны актаганы белгилүү болгон

Эң көп окулган жаңылыктар