USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Алмазбек Рахманкулов Лейлек районунун акими кызматынан четтетилди

17:37, 27 октября 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Алмазбек Рахманкулов 2021-жылдын 28-ноябрына жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акими ээлеген кызматынан четтетилди.

Лейлек районунун акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Абдирашит Ташбалтаевге жүктөлдү.

Президент администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Эргешев Алтынбек Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду.

Мындан сырткары, Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысовго катуу сөгүш берүү тапшырмасы берилди.

Эске салсак, 23-октябрда Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында акимдердин бирөөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика