Заир Чокоев Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ал бул орунга 2021-жылдын ноябрь айында дайындалган.
Ошол эле жылдын июль айында Экономика жана финансы министринин орун басары — казыналыктын директору болгон.
Заир Чокоев «Чанг Ан Банк» башкармалыгынын төрагасынын орун басары, «Кыргызстан» коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.