06:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ош шаарында издөөдө жүргөн жаран кармалды

Ош шаарында издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери буга чейин бейбаштык беренеси боюнча издөөгө жарыяланган жаранды коомдук жайларда орнотулган, адамдын жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармаган. 

Ал кылмышка шектүү болуп, качып жүргөн.

«Ага карата 2021-жылы бейбаштык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алуу бөгөт чарасы тандалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар