10:09
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жалал-Абадда 14 жаштагы мектеп окуучусу бычакталды

Жалал-Абад шаардагы № 8 орто мектептин короосунда эки окуучунун ортосунда жаңжал чыгып, 14 жаштагы бала бычактан жараат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

 Окуя кечээ 12:00 чамасында катталган. № 1 орто мектептин 9-классынын окуучусу эч себепсиз сол бутуна учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Натыйжада жабырлануучу Х.Г. Жалал-Абад облустук балдар клиникасына кайрылып, жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген.

Маалыматта белгиленгендей, жараат алган баланын ата-энеси эч кимге доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тартышкан. Анын себеби өз ара келишип алуу деп кошумчаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар