Аскарбек Жаныбеков Кыргызстандын айыл чарба министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Садыр Жапаров кол койду.
Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулганы белгиленет. Ал 2021-жылдын октябрь айында министр болуп дайындалган.