Бишкекте KFU Football Awards 2023 сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КФС социалдык тармактарда билдирди.
Анда Кайрат Жыргалбек уулу жана Кенжебүбү Ырысбек кызы Кыргызстандын эң мыкты футболчулары наамын алышты. Ал эми эң мыкты футзалист Максат Алимов болду.
Чыңгыз Мустафаев менен Урмат Баялиев мыкты калыс, Канимет Аралбаев жана Урмат Абдукаимов («Талант» ФК) мыкты тренерлер болушту.
Эң мыкты уюм катары Кыргыз профессионалдык футбол лигасы, ал эми мыкты аймактык уюм деп Ош шаарынын Ассоциациясы табылды.
«Абдыш-Атага» (Кант) мыкты футбол клубу сыйлыгы берилди.
Калыс Рамина Цой жана Вероника Бернацкая кыргыз футболунун сыймыгы деп табылды.
Султан Чомоев мыкты жаш оюнчу, ал эми Кыргызстандын профессионалдык лигасынын мыкты футболчусу Данин Талович (экөө тең «Дордойдон») болду.