Москвада сумо боюнча аялдар жана эркектер арасында «Шериктештик Кубогу» эл аралык мелдеши өттү. Бул тууралуу sports.ru сайты билдирди.
115 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Сулде Донгак күмүш, Айбек Касманбетов коло медаль тагынды.
Турнирге Япония, Монголия, Азербайжан, Иран, Беларусь, Сербия, Кыргызстан, Тажикстан, Венгрия, Болгария, Грузия, Армения, АКШ жана Молдовадан 200дөн ашык спортчу катышты.
Белгиленгендей, жеке салмак категорияларынын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлыктарды алышат. Алтын медалдын ээсине 50 миң рубль, күмүш медаль үчүн 30 миң, коло медалга 20 миң рубль берилет.